Кыргызстан курулуш тармагында Еврокоддорго өтүүнү пландоодо
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 октябрь

Кыргызстан курулуш тармагында Еврокоддорго өтүүнү пландоодо

Кыргызстан курулуш тармагындагы ченемдерди эл аралык жана европалык талаптарга ылайыкташтырууну, анын ичинде Еврокоддорду колдонууну этап-этабы менен пландоодо.

Бул тууралуу Курулуш министрлиги тарабынан даярдалган 2027–2031-жылдарга карата курулуш тармагындагы ченемдик базаны өнүктүрүү жана реформалоо боюнча мамлекеттик программанын долбоорунда айтылат.

Документте ISO, IEC, EN стандарттарын, Еврокоддорду жана башка эл аралык жана аймактык ченемдерди ыңгайлаштыруу каралган.

Ошол эле учурда Еврокоддорду түздөн-түз көчүрүп колдонуу пландалган эмес. Алар үчүн Кыргызстандын аймагындагы сейсмикалык шарттарды, климатты, геологияны жана башка өзгөчөлүктөрдү эске алган улуттук тиркемелер менен параметрлер иштелип чыгат.

Мындан тышкары, советтик система негизинде түзүлгөн эскирген ченемдик документтерди этап-этабы менен кайра карап чыгуу, алмаштыруу же күчүн жоготту деп табуу сунушталууда.

Реформанын максаты — улуттук шарттарды жана коопсуздук талаптарын сактоо менен Кыргызстандын курулуш тармагын заманбап эл аралык тажрыйбага жакындатуу.