Жогорку Кеңештин комитети Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын баяндамасын укту
Бүгүн, 13-октябрдагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы жөнүндө маселе каралды.
Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Джамиля Джаманбаева белгилегендей, 2025-жылы Институтка жалпысынан 9672 кайрылуу түшкөн, алардын ичинен 742025-жылы Институт тарабынан 141 чара көрүү актысы жөнөтүлгөн жана алардын 122 аткарылган. 29 жаранга оозеки укуктук кеңештер берилген, ал эми 2243 жаран жазуу жүзүндө кайрылган (анын ичинде 96 жамааттык). Ошондой эле «115 Шыр байланыш» аркылуу 3954 адам кайрылган.
«2025-жылы Институт тарабынан 141 чара көрүү актысы жөнөтүлгөн жана алардын 122 аткарылган. Чара көрүү актылары негизинен саламаттык сактоо органдарына, билим берүү мекемелерине, ички иштер органдарына жана ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына багытталган», - деди Джамиля Джаманбаева.
Талкуу маалында депутат Улан Сариев жарандардын кайрылууларын кароо тартибин жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн тактап, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар Акыйкатчы институтуна көбүнчө кандай маселелер боюнча кайрыларына кызыкты. Баяндамачынын айтымында, кайрылуулардын басымдуу бөлүгү Россиянын жарандыгын алган мекендештерден түшөт. Алсак, 2025-жылы алардан билим берүү кызматтарын алуу, мамлекеттик чек арадан өтүү жана башка маселелер боюнча 14 кайрылуу түшкөн.
Ал эми депутат Медербек Алиев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесине ылайык, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөлдү Акыйкатчы жүргүзөрүн жүйө келтирип, институтту бул багыттагы ыйгарым укуктарын активдүү пайдаланууга чакырды. Ошондой эле тармактык комитеттер менен өз ара кызматташууну күчөтүү жана Акыйкатчы институтунун макамын жогорулатуу керектигине токтолду.
Депутат Чынгыз Ажибаев жарандардын сапаттуу медициналык кызматтарды алуу укугун камсыз кылуу жана медициналык мекемелерде адам өлүмүнө байланыштуу фактыларды иликтөө маселелерине көңүл буруп, муну менен катар мигранттардын балдарынын укуктук абалы жана аларга камкордук көрүү маселелерин ортого салды.
Комитет төрайымы Гульнара Акимбаева отчеттук мезгилде Акыйкатчы институту тарабынан ар кандай инстанциялардагы соттордо өткөрүлгөн 270 соттук отурумга мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу сөз кылып, соттук отурумдардын 44,4 пайызы белгиленген графикти бузуу менен башталганын, ал эми 41,5 пайызы ар кандай себептерден улам кийинкиге жылдырылганын сындады. Эл өкүлү соттук отурумдарга жабырлануучулар, айыпталуучулар, күбөлөр жана башка катышуучулар убакыт бөлүп келерин билдирип, сот процесстеринин белгиленген убакта өткөрүүгө чакырды. Депутат Акылбек Түмөнбаев да бул маселени колдоп, Акыйкатчынын баяндамасы Жогорку Кеңеште каралган учурда тиешелүү мамлекеттик органдардын жооптуу жетекчилеринин катышуусун камсыз кылуу керектигин кошумчалады.
Депутат Мирлан Жеенчороев санариптештирүү доорунда адам укуктарына байланыштуу жаңы чакырыктарга, кылмыштуулуктун жаңы түрлөрүнө жана жарандардын эркиндиктерин чектөөнүн жаңы көрүнүштөрүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин айтып, Акыйкатчынын баяндамасына ушул маселелер боюнча өзүнчө маалыматтарды киргизип, бул багытта тиешелүү демилгелерди көтөрүүнү сунуштады. Атап айтканда, депутат кибербуллинг менен катар киберсталкинг көйгөйү да барган сайын курчуп баратканына токтолду.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрүнүн сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен «2025-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы эске алынды.
Андан тышкары, жыйында депутат Азамжан Джалилов демилгелеген «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоого ээ болду.
Ошондой эле «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору да үчүнчү окууда жактырылды. Демилгечилер – депутаттар Айтиев Т., Абдибаева А., Эргешов Б., Аматов Ж., Кыдыралиев У., Мавлянова М., Ашымбаева Т., Калпаев Б., Нышанов Дж., Акимбаева Г., Джалилов А., Ханджеза К., Чолпонбай уулу Б., Сейтказиева Э.
