Өткөн жылдын тогуз айында никеге туруу максатында адам уурдоо боюнча 10 адам соттолгон
Сүрөт ачык булактардан алынды
13 октябрь

Өткөн жылдын тогуз айында никеге туруу максатында адам уурдоо боюнча 10 адам соттолгон

2025-жылдын тогуз айында Кыргызстанда никеге туруу максатында адам уурдоо беренеси боюнча сегиз иш каралып, 10 адам соттолгон. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө баяндамасында айтылат.

Салыштыруу үчүн, 2024-жылы мындай 10 иш катталып, 28 адам соттолгон. Ал эми 2023-жылы 16 иш каралып, 49 адам сот жообуна тартылган.

Баяндамада нике курагына байланыштуу мыйзам талаптарын бузуу фактылары боюнча да маалымат берилген. 2025-жылдын тогуз айында тиешелүү берене боюнча 34 иш каралып, 94 адам соттолгон.

2024-жылы мындай 42 иш каралып, 129 адам соттолсо, 2023-жылы 77 иш боюнча 264 адам сот жообуна тартылган.