«Нелегал» жана «Мото-курьер» рейди: 30 чет өлкөлү жаран кармалды
13 октябрь

«Нелегал» жана «Мото-курьер» рейди: 30 чет өлкөлү жаран кармалды

Бишкек шаарынын ИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери миграциялык мыйзамдардын бузулушун жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн аныктоого багытталган рейддик иш-чараларды өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандардын документтери, алардын Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүрүүсү, ошондой эле курьердик кызмат көрсөтүү жана жүргүнчүлөрдү ташуу тармактарындагы эмгек ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугу текшерилди.

Текшерүүнүн алкагында Бишкек шаарынын ИИББга 30дан ашык чет өлкөлүк жаран жеткирилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 10дон ашык жаран административдик жоопкерчиликке тартылды. Ал эми айрым чет өлкөлүк студенттерге профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин алар коё берилди. Анткени алар мототранспорт каражаттарын курьердик кызмат көрсөтүү үчүн эмес, шаар ичинде жүрүү үчүн колдонушканы аныкталган.

ныкталган фактылар боюнча 15 административдик протокол түзүлдү. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 200 миң сомдон ашты.

Учурда таксопарктар тарабынан чет өлкөлүк жарандарды таксист жана курьер катары мыйзамсыз жумушка тартуу фактыларынын болушу боюнча жагдайлар такталууда.

Бишкек шаарынын ИИББгы миграциялык мыйзамдардын сакталышын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган рейддик иш-чараларды улантууда.