Ошто наркы 640 млн сомдук 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды
Курулуш министрлиги
13 октябрь

Ошто наркы 640 млн сомдук 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы курулуп жаткан 700 орундуу мектептин курулушу 85 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлайт.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы сметалык наркы 640 миллион сомду түзөт.

Башкы планга ылайык, имараттын жалпы аянты 5 613 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат. Мектеп заманбап талаптарга ылайык курулуп, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн да бардык шарттар каралган.

Мектепте заманбап окуу класстары, лабораториялар, санитардык талаптарга жооп берген ашкана, китепкана, 300 көрүүчүгө ылайыкталган амфитеатр тибиндеги актовый зал, лифт жана 120 көрүүчүгө ылайыкталган бардык шарттары бар спорт залы жайгаштырылды.

Курулуш-монтаждоо иштеринин ар бир этабы көзөмөлгө алынып, тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери дээрлик аяктап, сырткы фасадын жасалгалоо иштери уланууда.

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 1,5 миңге жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.