Илим министрлигинде спорттук медицинаны өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды
2026-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде «Спорттук медицина: актуалдуу маселелер жана өнүгүү келечеги» аттуу тегерек стол болуп өттү.
Иш-чара Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы жана И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы тарабынан биргелешип уюштурулду.
Тегерек столду Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова ачып, өз сөзүндө спорттук медицинаны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана тармактын илимий-кадрдык потенциалын чыңдоонун зарылдыгын белгиледи.
«Спорттук медицина – заманбап саламаттык сактоо, дене тарбия жана спорт системасынын ажырагыс бөлүгү. Бүгүнкү күндө анын илимий жана кадрдык потенциалын өнүктүрүү, адистерди даярдоо сапатын жогорулатуу, диагностика, алдын алуу жана реабилитациялоо боюнча заманбап технологияларды жайылтуу милдеттери алдыбызда турат. Бүгүнкү тегерек столдун жыйынтыктары натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгууга өбөлгө түзүп, Кыргыз Республикасында спорттук медицинаны өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот деп ишенем», – деп белгиледи Лира Сулайманова.
Тегерек столдун ишине мамлекеттик органдардын, тиешелүү ведомстволордун, жогорку окуу жайлардын, медициналык жана спорттук коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле спорттук медицина тармагындагы алдыңкы эксперттер катышты.
Иш-чаранын негизги максаты спорттук дарыгерлерди даярдоонун актуалдуу маселелерин талкуулоо, спорттук медицина системасын өркүндөтүү жана анын өлкөнүн саламаттык сактоо системасындагы ордун бекемдөө болду. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын жана Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү программасын ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
