“Мугалим PRO” долбоору: Ошто эң мыкты 35 жаш педагог тандалып алынды
Ош мэриясы
16 сентябрь

“Мугалим PRO” долбоору: Ошто эң мыкты 35 жаш педагог тандалып алынды

Жаштар борборунда Ош шаарынын мэриясынын маданият жана жаштар башкармалыгы менен билим берүү башкармалыгынын биргелешкен “Мугалим PRO” долбоору кайрадан старт алды. 

Мэриядан кабарлашкандай, мурунку жылдан тарта ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткан бул 6 айлык демилге 35 жашка чейинки мугалимдердин кесиптик, санариптик жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоорго катышууга 300гө жакын жаш адис кызыгуу билдирип, эки этаптуу тандоонун (онлайн-тандоо жана маектешүү) жыйынтыгында 35 мыкты мугалим тандалып алынды. Долбоордун жыйынтыгы боюнча эң мыкты катышуучулардын арасынан 2 мугалимге чет өлкөдө кыска мөөнөттүү тажрыйба алмашууга жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов, ошондой эле педагог-новатор, эксперт Асылбек Жоодонбеков катышышты.

Долбоордун негизги максаты — заманбап билим берүү талаптарына жооп берген, жаңыча ой жүгүрткөн демилгелүү жаш педагогдордун жаңы муунун калыптандыруу болуп саналат.