Ошто 700 орундуу Оксфорд мектебинин курулушу башталды
Ош мэриясы
20 июль

Ошто 700 орундуу Оксфорд мектебинин курулушу башталды

Ош шаарында бүгүн, 20-июлда Oxford International School инновациялык билим берүү комплексинин курулушуна мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Мезгил кутучасын Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев салып, жаңы комплекс шаардагы билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жаш муун үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү инвестициялык долбоорлордун бири экенин белгиледи.

Шаар башчысы ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытында мэрия тарабынан мындан ары да ар тараптуу иштер жүргүзүлөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, билим берүү ордосу Ашимахунов көчөсүндө жайгашып, 700 орундуу мектепти жана 140 орундуу бала бакчаны камтыйт. Мында заманбап окуу класстары менен катар лабораториялар, китепканалар, спорттук залдар, чыгармачылык борборлор жана ачык спорттук аянтчаларды куруу каралган.