Эмгек кодексине жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
29 июль

Эмгек кодексине жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (мындан ары – Мыйзам).

Мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жумуш күнүнө (шаршембиге) туш келген шайлоо күнүндө жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусун камсыз кылуучу укуктук механизмди белгилөө болуп эсептелет.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүлөрдү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:

– Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү дем алыш күнү болуп саналат;

– кызматкер добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган шартта ошол күн үчүн анын бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат;

– жарандардын добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте кошумча жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды берүү каралышы мүмкүн;

– жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү камсыздандыруу стажына эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.