сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
29 июль
Бишкекте жарым жылда 14 миң чарчы метрден ашык аянтта чуңкур оңдоо иштери жүргүзүлдү
2026-жылдын алгачкы алты айында Бишкек шаарында 14 миң чарчы метрден ашык аянтка чуңкур оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Адилет Казакбаев билдирди.
Анын айтымында, ишкананын быйылкы планына 27 объект киргизилген. Алардын арасында жалпы узундугу 18 чакырымдан ашкан 23 көчө жана 4 чакырымдан ашык тротуар бар.
Мындан тышкары, жыл башынан бери борбор калаада 808 жол белгиси орнотулуп же алмаштырылды.
Жолдордогу бузулууларды оңдоо боюнча арыздар ишканага төрт райондук администрациядан келип түшөт. Адистер жеринде текшерүү жүргүзгөндөн кийин кайсы тилкеге чуңкур оңдоо, карталык же капиталдык оңдоо керектигин аныкташат.
