Министр Догдуркүл Кендирбаева: "Мектеп реформасы менен университет реформасы бири-биринен ажырагыс түшүнүк"
Бүгүн, 29-июлда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форумунун ачылышына катышты.
Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүнкү күндө университеттердин миссиясы өзгөрүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, заманбап университет билим берүүчү мекеме гана эмес, ал илимий изилдөөлөрдүн, инновациялардын жана технологиялык өнүгүүнүн борбору. Ошондуктан мектеп реформасы менен университет реформасы бири-биринен ажырагыс түшүнүктөр болуп саналат.
“Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өттү. Өзбекстан да ушул багыттагы реформаларды ишке ашырууну көздөп жатат. Демек, биздин багытыбыз жана алдыбыздагы максаттарыбыз бир. Мына ушул багытта университеттер менен мектептер тыгыз өнөктөштүктө иштеши керек. Биз биргелешип жаңы муундагы мугалимди даярдоого милдеттүүбүз. Бүгүнкү күндө бизге өз предметин мыкты өздөштүргөн гана эмес, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн билим берүүдө натыйжалуу пайдалана алган, улуттук баалуулуктарды калыптандыра алган жана заман талабына жооп берген мугалимдер керек”, – деди министр Догдуркүл Кендирбаева.
Форум “Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин стратегиялык өнөктөштүгү: кызматташуунун инновациялык моделдери, академиялык интеграция жана жогорку билим берүүнү, илимди жана инновацияларды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү” деген темада өтүүдө.
Форум Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, Өзбекстан Республикасынын жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министри Конгратбай Шарипов, ошондой эле эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору катышууда.
