Баткенде чек ара окуяларында курман аскерлерге арналган эстелик ачылды
Кадамжай районунун А.Масалиев айыл өкмөтүнүн алдында БТР-70 аскердик техникасы орнотулган постаменттин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Эстелик чек ара окуяларында курман болгон мекен коргоочулардын жаркын элесин эскерүү, алардын эрдигин даңазалоо жана жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында ачылган.
Иш-чарага Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекен коргоочулардын жакындары, ардагерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Республикалык жоокерлердин энелери комитети” коомдук бирикмесинин жана республикалык “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү да сөз сүйлөп, мекен коргоочулардын эрдигин эскерүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту.
Аземдин катышуучулары мекен үчүн курман болгон жоокерлердин жаркын элесине таазим кылып, эстеликке гүлчамбарларды коюшту.
Ал эми мекен сакчыларын эрдигин даңазалоо менен келечек муунга татыктуу жеткирүү боюнча салым кошкон инсандарга сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чара маданий программа менен улантылды.
Соңунда мекен чегинде каза болгон жарандардын арбайына багышталып куран окулду.
Жаңы эстелик — өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоодо курман болгон мекенчил уулдардын эрдигин түбөлүккө даңазалаган ыйык жайлардын бири болду.
