Ош мэриясы
14 сентябрь
Эмилбек Үркүнбаев Ош шаарынын прокурору болуп дайындалды
Үркүнбаев Эмилбек Жолдошалиевич Ош шаарынын прокурору болуп дайындалды.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатына Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тааныштырды.
Эмилбек Үркүнбаев буга чейин прокуратура органдарында бир катар жооптуу кызматтарда эмгектенип келген. 2024-жылы ал Кылмыш-аткаруу тутумунда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокурор — атайын прокурор кызматын аркалаган.
