Өзгөндө 275 орундуу жаңы мектеп ачылды
Агартуу министрлиги
15 сентябрь

Өзгөндө 275 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, 15-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кеңеш айылында 275 орундуу И. Базаркулов атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Агартуу министрлигинен кабарлашты. 

Мектептин ачылыш аземине агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улугбек Ормонов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Каныбек Апбасов, мугалимдер жана айыл тургундары катышты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө өлкөнүн өнүгүүсүндө билим берүүнүн жана мугалимдердин орду өзгөчө экенин белгиледи.

«Биз Кыргызстанды билимсиз өнүктүрө албайбыз. Ар бир бала — бизге, мектепке берилген аманат. Биз балдарга дүйнөлүк деңгээлде билим берүү, ошондой эле алардын үй-бүлөлүк, улуттук жана инсандык баалуулуктарын калыптандыруу үчүн чыгармачылык менен иштешибиз керек. Муну эске алуу менен мамлекет башчыбыздын колдоосу аркылуу мугалимдер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүдө. Биз сиздерден балага багытталган жаратман педагогикалык ишмердүүлүктү күтөбүз», — деди министр.

Мындан тышкары, Догдуркүл Кендирбаева жаңы мектепке интерактивдүү панель алуу үчүн сертификат тапшырды.