Кыргызстанда кыргыз тили жана адабияты боюнча жогорку билими барларды тесттен бошотуу сунушталууда
Депутат Бактияр Калпаев кыргыз тили жана адабияты жаатында жогорку билим алгандарды мамлекеттик тил боюнча тест тапшыруудан бошотуу каралган мыйзам долбоорун сунуштоодо.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында каралды.
Калпаевдин айтымында, 5 жыл окуп, жогорку билим алган адистерди кайрадан тест тапшырууга мажбурлоо – бул 5 жылдык билимди жокко чыгаруу болуп саналат.
“Кыргыз тили жана адабияты боюнча жогорку билими бар адистерди мамлекеттик кызматка орношоордо мамлекеттик тил боюнча кошумча тест тапшыруудан бошотууну сунуштайбыз. Эгерде беш жыл алган билимге ишенбесек, анда дипломдун эмне кереги бар. 5 жылдык билим 1 күндүк тесттен өйдө турат”, - деди ал.
