Сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терисин, мүйүзүн пайдалангандар да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн
15 сентябрь

Сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терисин, мүйүзүн пайдалангандар да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги сейрек кездешүүчү, баалуу жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоодо айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептейт.

Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында аталган министрликтин жетекчисинин орун басары Алмаз Мусаев мыйзам долбоору менен тааныштырды.

Ал белгилегендей, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн сейрек кездешүүчү жана баалуу объектилерин коргоону күчөтүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү сунушталат.

“Учурда иштеп жаткан мыйзамда мыйзамсыз аңчылык кылууга жоопкерчилик каралган. Ошол эле учурда сейрек кездешүүчү, Кызыл китепке кирген жаныбарларды алып жүрүү, сактоо, үйүндө кармоо беренелери каралбай калган. Биз ошол мүчүлүштүктү жоюуну көздөп жатабыз. Сейрек кездешүүчү, дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү мыйзамсыз жүгүртүүгө да жоопкерчилик керек”, – деди ал.

Ошондой эле, Мусаев белгилегендей, мыйзамга жаныбарлар дүйнөсү деп гана кирип калган, ал эми анын териси же мүйүзүн пайдаланууга, мыйзамсыз жүгүртүүгө жоопкерчилик каралган эмес.

Сунушталган мыйзам долбоорунда мына ушул мүчүлүштөр жоюлган.