Сүрөт ачык булактардан алынды
15 сентябрь
2026-жылдагы рекорддук түшүм: Таласта буудайдын түшүмү гектарына 10 тоннага жетти
Талас облусунун Манас районунда 1 гектар жерден 100 центнер буудай түшүмү алынды.
Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, бул - 2026-жылдагы буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча республикадагы жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 50–55 центнерди түзөт.
Жогорку түшүм дыйкандардын заманбап агротехнологияларды колдонушу, сапаттуу үрөндөрдү тандоосу жана агротехникалык иш-чараларды өз убагында жүргүзүүсүнүн натыйжасында камсыздалган.
Айыл чарбасында заманбап технологияларды жана сапаттуу үрөндөрдү колдонуу түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана дан эгиндеринин өндүрүшүн көбөйтүүгө өбөлгө түзүүдө.
