Малдыбаев атындагы опера жана балет театры 85-театрдык сезонун «Чолпон» балети менен ачат
Маданият министрлиги
15 сентябрь

Малдыбаев атындагы опера жана балет театры 85-театрдык сезонун «Чолпон» балети менен ачат

Кыргыз улуттук академиялык А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры 3–4-октябрь күндөрү 85-театрдык сезонун ачат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

3-октябрда саат 17:00дө театрдын сахнасында кыргыз хореографиялык өнөрүнүн бермети болгон Михаил Раухвергердин «Чолпон» балети тартууланат.

Сахнада 60 жылдан ашуун убакыттан бери коюлуп келе жаткан «Чолпон» балети кыргыз хореографиялык искусствосунун маанилүү чыгармаларынын бири болуп саналат. Спектаклде ар кандай тоскоолдуктарды жеңген сүйүү жана берилгендик темасы баяндалат.

Балеттин коюучу балетмейстери — Кыргыз ССРинин эл артисти Н. Түгөлов, редакциясы — Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты У. Сарбагышев, коюучу сүрөтчүсү — СССРдин эл сүрөтчүсү Анатолий Арефьев.

Башкы ролдорду Мээрим Султакаева (Чолпон), Атабек Садыркулов (Нурдин), Даяна Кыдыралиева (Айдай), Валерий Разумейко (Темир-Хан), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Фарух Садыркулов (Жин) аткарат. Дирижёр — Семетей Султанов.

4-октябрда саат 17:00дө театрдын чыгармачыл жамааты Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү композитор Насыр Давлесовдун Насирдин Байтемировдун либреттосунун негизинде жазылган «Аста секин: колукту!» музыкалык комедиясын көрүүчүлөргө тартуулайт.

Музыкалык комедия сүйүү, жаштардын өз бактысын табууга болгон аракети жана ата-энелердин каршылыгына карабастан өз тагдырын тандоосу тууралуу баяндайт. Чыгарма юморго, шаңдуу окуяларга жана кыргыздын элдик музыкасына жакын өзгөчө обондорго бай.

Башкы партияларда Мурат Дербишалиев (Маркабай), Салима Маматова (Барсана), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нуржигит Асанов (Сапарбай), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айзирек Момунова (Зияда), Бактыбек Алмабеков (Саламат), Христина Севостьянова (Гүлмира) чыгышат.

Дирижёр — Кыргыз Республикасынын эл артисти Жумакадыр Каниметов. Коюучу режиссёр — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Аманбек Жапаров, коюучу сүрөтчү — Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Маратбек Шарафидинов, башкы хормейстер — Кыргыз Республикасынын эл артисти Карагул Тиленчиев.