Сүрөт ачык булактардан алынды
15 сентябрь
ТИМ: QazETA азырынча Кыргызстандын жарандары үчүн милдеттүү эмес
Кыргызстандыктардын Казакстанга кирүү жана ал жакта болуу тартиби өзгөрүүсүз бойдон калууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, учурда QazETA системасы пилоттук режимде иштеп жатат жана азыркы этапта Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн аталган системаны колдонуу милдеттүү эмес.
Миграциялык эрежелерге өзгөртүүлөр киргизилген учурда, ошондой эле казак тараптан расмий маалымат келип түшкөндө, министрлик жарандарды белгиленген тартипте кошумча маалымдайт.
