Кыргызстанда кылмыш жасап темир тор артында түшкөндөрдүн саны азаюуда – учурда 5 454 соттолуучу
Кыргызстанда учурда 5 454 жаран темир тор артында отурат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Сарчаев Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында билдирди.
Айтымында, бул көрсөткүч азаюуда, бир канча жыл мурда жазасын өтөп жаткандардын саны 12 миңге чыккан, ал эми советтер союзу тараган маалда 17 миңге чейин жеткен.
Сарчаев белгилегендей, Кыргызстанда Чым-Коргон жана Кызыл-Жар атайын мекемелеринде соттун чечими менен мажбурлоо түрүндө дарылангандар жөн гана дарылангандар менен бирге болушат. Бул ошол жердеги кызматкерлердин, дарыгерлердин коопсуздугуна коркунуч туудурат, анткени мажбурлоо түрдө дарыланып жаткандар – булар кылмышкерлер.
“Ошондуктан биз ЖАМК алдындагы мындай мекемени курууну пландап жатабыз. Учурда жер жана башка маселелер чечилди. Бир гана каржылоону күтүүдөбүз. Ал курулуп бүткөндөн кийин аталган эки атайын мекемеде мажбурлоо түрүндө дарыланып жаткан 165 бейтапты ошол жакка Айтымында, өлкөдө психиатр дарыгерлер жетишпейт. Ошондуктан Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иш алып барып, мамлекеттик психиатриялык ооруканасында иштегендерди ЖАМКга караштуу мекемеге да тартышат. Анда дарыгерлер белгиленген убакта келишип, бейтаптарды көрүп, дары-дармек жазып беришет жана алардын көрсөтмөсү менен фельдшерлер дарылоону жүргүзүшөт.
“Бул жерде биринчи орунда коопсуздук маселеси. Кызыл-Жар менен Чым-Коргондо милиция кызматкерлери бөлүмдүн сыртында турушат. Соттолуучулар аялдар жана эркектер болуп башка-башка бөлүмгө жайгаштырылган. Бөлүмдүн эшиги жабык турат, ал эми ичинде мекеменин кызматкерлери калышат. Милиция кызматкерлери бөлүмгө кире алышпайт, киргенде да кайра эле коопсуздук маселесинен улам табелдик куралдарын алып киришпейт. Биз жаңы имарат куруп, аны өз карамагыбызга алсак, анда кармоо эрежелери өзгөрөт, кайтаруучулар ичине кирүүгө уруксат берилет”, – деди Сарчаев.
