Барскоон суусундагы балыктардын өлүмү иликтенүүдө
Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2026-жылдын 11-сентябрында Жети-Өгүз районунун Барскоон суусунда балыктардын өлүп жаткандыгы тууралуу маалыматтын негизинде жеринде кароо иштери жүргүзүлдү.
Кароо иштери Жети-Өгүз райондук санитардык-эпидемиологиялык станциясынын жана ветеринардык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.
Кароо учурунда Барскоон суусунун айрым тилкелеринде балыктардын өлүп жаткандыгы аныкталды.
Балыктардын өлүмүнө алып келген себептерди аныктоо максатында санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык кызматтардын адистери тарабынан Барскоон суусунан суунун үлгүлөрү жана өлгөн балыктардан тиешелүү үлгүлөр алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү.
Балыктардын өлүмүнүн так себептери лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен аныкталат.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча мыйзам чегинде күнөлүү тараптарга тиешелүү чараларды көрөт.
