Кыргызстанда «Улуу муундагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрүү» аттуу бир айлык иш-чара башталды
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Улуу муундагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрүү» урааны алдында өтүүчү бир айлык иш-чаранын башталгандыгын жарыялайт. Иш-чара 2025-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин өткөрүлөт.
Акция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 токтомунун алкагында өткөрүлүп, улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга, улуу муунга болгон урмат-сый жана камкордук салттарын бекемдөөгө, ошондой эле коомчулуктун социалдык коргоо маселелерине көңүлүн бурууга багытталган.
Бир айлыктын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында улгайган жарандарды колдоого багытталган иш-чаралар өткөрүлөт.
Министрлик бардык жарандарды, коомдук бирикмелерди жана бизнес түзүмдөрүн акцияга кошулууга жана улгайган адамдарга бир айлыктын жүрүшүндө гана эмес, күн сайын көңүл буруп, камкордук көрсөтүүгө чакырат.
