Кыргызстанда бинардык опцион кумар оюнунун бир түрү катары каралып, аны жарманалоого тыюу салынышы мүмкүн
КР Экономика жана коммерция министрлиги бинардык опционду кумар оюнунун бир түрү катары кароо белгиленген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин кароосуна койду.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты – мыйзамсыз лотереялык ишмердүүлүккө каршы колдонулган укуктук боштукту жоюу жана мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү.
“Бинардык опцион учурда инвестиция же тез киреше табуу жолу катары сунушталууда. Бирок жыйынтыгында, жарандар ага салган каражатын толугу менен жоготуп алуулары мүмкүн. Ошондуктан, бинар опционун кумар оюнунун бир түрү катары кароо, Кыргызстандын аймагында жайылтууга, жарманалоого, жарандарды оюнга тартууга багытталган ортомчулук ишмердүүлүккө толук тыюу салуу сунушталууда”, – деди Нурланова.
