Бинардык опцион – “лохотрон”. Бекешев балдарынан аяган акчасын шылуундарга берген жарандарга таң калды
Депутат Дастан Бекешев 2019-жылы дагы бинардык опционго тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунушташканын, бирок 3 жылдык кароодон кийин өтпөй калганын билдирди.
Бүгүн Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында бинардык опционду кумар оюнунун бир түрү катары кароо жана аны жайылтууга тыюу салуу белгиленген мыйзам долбоору каралууда.
“Азыр да кеч эмес. Покет, бинардык опцион, квотекс, бинариум – бул шылуундук жана шылуундар дагы деле иштеп жатышат. Аз келгенсип блогерлер дагы аны жарнамалашат. ТикТокто, Ютубда ойнотуп, “мынча акча салсаңар, мынча табасыңар” деп, анысын акча табуу, сигнал кэштегдери менен таратышууда. Кылмыш-жаза кодексте шылуундук боюнча мыйзам бар да, Финкөзөмөл каякты карап отурасыңар? ИИМдин алкагында кибер-коопсуздук боюнча бөлүм иштеп жатат, аны менен тыгыз иштебейсиңерби?” – деди депутат.
Ошондой эле ал Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоорун сындады.
“Көп ката бар. Мисалы, акча салынып жатканда ал шылуунбу же ишкерби, кантип аныктайт? Силер сайттардын реестри болот деп жазыптырсыңар. Банк эсепти кантип сайт аркылуу аныктайт? Анан криптокапчыктар бар, бинардык опциондо ошол колдонулат. Ал жөнөкөй жарандын криптокапчыгыбы же бинардык опциондуку – кантип аныкталат? Силер түйшүктү банктарга жүктөп койдуңар”, – деди Бекешев.
Депутат мыйзам долбоорунда бардык нерсени так көрсөтпөсө, ал келечекте иштебей калаарын белгилеи.
Ошондой эле депутат балдарынан аяган акчаны шылуундардын колуна өз каалоосу менен салып берген жарандарга таң калды:
“Билим алууга акчаларын аяшат, ал турмак балдарынан аяшат, бирок шылуундарга беришет. Мындай шылуундарга антижарнаманы активдүү кылыш керек. Бинардык опцион – бул лохотрон. Кызматкерлерди Ютуб, ТикТокко отургузуп, тизме түзүш керек. Блогерлерибиз да жарнама кылып отурушат”.
