Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды 200дөн ашуун энергетик үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздашты
14 сентябрь

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды 200дөн ашуун энергетик үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздашты

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган Талас облусундагы майрамдык иш-чаралар электр энергиясы туруктуу берилип, энергетикалык тутумда эч кандай үзгүлтүккө жол берилбестен өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чараларга даярдык көрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков майрамдык аянтчаларды ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурду. Энергетикалык инфраструктура объектилерин даярдоо жана энергетикалык кызматтардын даярдыгы Министрликтин жетекчилигинин туруктуу көзөмөлүндө болду.

Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы менен облустагы энергетикалык ишканалар алдын ала комплекстүү даярдык иштерин жүргүзүштү. Адистер электр тармактарынын жана жабдуулардын техникалык абалын текшерип, резервдик электр булактарынын даярдыгын камсыздашты. Ошондой эле ыкчам нөөмөт бригадалары түзүлдү.

Майрамдык иш-чаралар өткөн мезгилде 200дөн ашуун энергетик күчөтүлгөн жана күнү-түнү иш режиминде кызмат өтөштү. Нөөмөт бригадалары электр тармактарынын жана жабдуулардын абалын тынымсыз көзөмөлдөп, күтүлбөгөн кырдаалдар жаралган учурда ыкчам чара көрүүгө толук даяр болушту.