Комитетте жаза аткаруу жана саламаттык сактоо маселелерине байланышкан мыйзам долбоору каралды
Бүгүн, 14-сентябрда Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу жана саламаттык сактоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 321 тескемесин ишке ашыруу максатында, ошондой эле жаза аткаруу мыйзамдарын өркүндөтүү жана гуманизациялоо багытында иштелип чыккан.
Тагыраагы, бул долбоор менен Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексинин 92-беренесине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү сунушталууда. Өзгөртүүлөрдүн мааниси – телефон сүйлөшүүлөрдүн узактыгын 15 мүнөттөн 10 мүнөткө кыскартуу. Иш жүзү көрсөткөндөй, 10 мүнөт сүйлөшүү үчүн жетиштүү убакыт болуп, бул башка соттолгондордун кезек күтүп убактысын азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда телефон сүйлөшүүлөрүнүн узактыгынын кыскарышы алардын жалпы санынын көбөйүшү менен компенсацияланып, жалпы мүнөттөрдүн санына барабар болот.
Ошону менен бирге ЖАКтын 152-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, ЖАМКга акыл-эси соо эмес же акыл-эси чектелген абалда кылмыш жасаган, ошондой эле акыл-эси соо абалында кылмыш жасап, сот өкүмү чыкканча психикалык ооруга чалдыккан адамдарга карата медициналык мажбурлоо чараларын аткаруу укугу берилет. Мурда мындай чараларды аткаруу саламаттык сактоо тутумунун адистештирилген мекемелери тарабынан жүргүзүлчү.
Талкуу маалында депутат Советбек Рустамбек уулу жазаларды аткаруу тутумунун абалы, соттолгондорду кармоо шарттары жана аларды эмгекке тартуу маселелерине токтолсо, эл өкүлү Гүлнара Баатырова Жаза-аткаруу кодексинин 152-беренесине сунушталган адамдарга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу маселелерине байланыштуу суроолорду узатты.
Депутаттар Жылдыз Эгенбердиева жана Мавлюда Калбердиева да Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын карамагында боло турган мекемеге врач-психиатрларды тартуу маселесин көтөрүп, бул багыттагы адистердин жетишсиздигине көңүл бурушту. Өз кезегинде депутат Айгүл Ахмедова гуманизм принциптерин сактоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген соттолгондор үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылуу керектигин кошумчалады.
