Ошто көчөгө жайылган кийимдерди уурдоого шектелип эки кыз кармалды 
Ош ШИИБ
14 сентябрь

Ошто көчөгө жайылган кийимдерди уурдоого шектелип эки кыз кармалды 

Ошто көчөгө жайылган кийимдерди уурдоого шектелип эки кыз кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, мындан бир нече күн мурун социалдык түйүндөрдө уурулук жасаган кыздардын видеосу тарап, окуя Курманжан-Датка кичи шаарчасында болгондугу айтылган. 

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ал кыздардын өздүктөрү аныкталган. Алар Алай районунда туулган А.Ф. жана Ош шаарында 2011-жылы туулган М.Н., аттуу кыздар болуп чыккан.

Кыздар эч жерде иштебейт жана окушпайт.

Алар ата-энелери менен биргеликте тергөөгө камсыз болду. Учурда кыздар тарабынан көчөгө жайылган кийимдерди уурдап кеткен 3 факты аныкталды. Кыздардын ата-энелери келтирилген чыгымдарды төлөп берүүгө даяр экендиктерин убадалашкан.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.