Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды
Кыргызстандын инансы министри Руслан Суйналиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары кеңейтүүнүн перспективалары талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өлкөдөгү макроэкономикалык кырдаалга, экономиканын туруктуу өсүшүнө жана өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарындагы ири долбоорлорду каржылоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Руслан Суйналиев 2026-жылдын жети айынын жыйынтыгында Кыргызстандын ички дүң өнүмү 11,1 пайызга өскөнүн белгилеп, мамлекеттик бюджет профицит менен аткарылып жатканын, ошондой эле инфраструктуралык, социалдык жана энергетикалык долбоорлорго инвестициялардын көлөмү өсүп жатканын билдирди.
Мындан сырткары, жолугушуунун жүрүшүндө Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ишке ашыруу, мамлекеттик бюджетти колдоо жана МАР-21 программасынын алкагындагы кошумча каржылоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Министр Дүйнөлүк банктын Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ишке ашырууга көрсөткөн колдоосун жогору баалады. Ошону менен катар Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган AgriConnect демилгеси боюнча кызматташууну активдештирүү маселелери каралды.
Өзүнчө көңүл CPIA жана Business Ready эл аралык баалоолоруна бурулду.
Тараптар мамлекеттик башкарууну, мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өркүндөтүүгө жана ишкердик чөйрөнү жакшыртууга багытталган реформаларды мындан ары илгерилетүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөөгө, жаңы ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
