Тойдо ырдап жаткан жигит жаш баланы тээп жиберген. Териштирүү башталды
видеодон алынган кадр
26 ноябрь

Тойдо ырдап жаткан жигит жаш баланы тээп жиберген. Териштирүү башталды

Той учурунда ырдап жаткан жигиттин жанына келген кичинекей баланы тээп жибергени социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү.

Аталган видео коомчулукта кызуу талкуу жаратып, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын көзөмөлүнө алынды.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тактоо иштеринин жүрүшүндө окуя Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында болгону аныкталды. Бул факты 2026-жылдын 25-ноябрында Сокулук РИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, жабыркаган жашы жете элек баланын, анын ата-энесинин жана тепкен жарандын өздүктөрү аныкталды.

Тиешелүү текшерүү иш-чаралары улантылууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен окуяга катышкан жарандын аракеттерине мыйзам чегинде юридикалык баа берилет.