Жалал-Абадда жылдын мыкты мугалими сынагынын жеңүүчүсүнө автоунаа тапшырылды
Бүгүн, 26-ноябрда Жалал-Абадда “Жылдын мыкты мугалими” облустук кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Сынай 14-18-ноябрь күндөрү Манас шаарындагы №21 Жолболду Болотов атындагы мектепте өткөрүлгөн. Ага райондук жана шаардык баскычтардан тандалып алынган 101 мугалим катышкан.
Сынактын жыйынтыгында гран-прини Сузак районундагы №35 “Комсомол” орто мектебинин мугалими Айчүрөк Аулкасимова жеңип алып, SPARK үлгүсүндөгү автоунаага ээ болду.
Биринчи орунду Базар-Коргон районундагы №35 Тешебай Исак уулу атындагы орто мектебинин мугалими Гүлмайрам Темиркулова ээлеп, 150 миң сом акчалай сыйлык алды.
Экинчи орун Ноокен районундагы №4 Сатаров атындагы мектептин мугалими Саадат Алимбаева ыйгарылып, 100 миң сом тапшырылды.
Үчүнчү орунду Манас шаарындагы №25 М. Төрөмаматов атындагы мектептин мугалими Гулкан Маматова жана Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектептин мугалими Дилзат Узенканова ээлеп, ар бири 50 миң сомдон акчалай сыйлыкка ээ болушту.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында эки ардагер мугалимге чет өлкөгө, алдынкы орундарды камсыздаган мугалимдерге Ысык-Көлгө жолдомо тапшырылды.
Облус башчысы Тилек Текебаев жеңүүчүлөрдү куттуктап, мугалимдин эмгеги бир гана билим берүү тармагы үчүн эмес, бүтүндөй мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ал мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү жана билим берүүнүн сапатын арттыруу багытындагы демилгелер мындан ары да колдоого алынарын билдирди.
Ошондой эле сынакка катышкан 101 мугалимге ыраазычылык айтып, ар бирине кесиптик ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, кароо-сынактын байге фондун түзүүгө “Чапчыма Голд” жоопкерчилиги чектелген коому демөөрчүлүк колдоо көрсөткөн.
