Кыргызстан менен Швейцария авиация жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги
26 ноябрь

Кыргызстан менен Швейцария авиация жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

Эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин делегациясы менен Швейцария Конфедерациясынын Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгынын (FOCA) директору Франсин Циммерманн (Francine Zimmermann) ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин талкуулап, жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты жана өз ара кызыкчылык туудурган кызматташуунун жаңы багыттарын аныкташты.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыгы болуп жарандык авиация жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу болду.

Документ эки өлкөнүн авиациялык администрацияларынын ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоого, тажрыйба жана эксперттик билимдер менен алмашууга, ошондой эле биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга негиз түзөт.

Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу кесиптик кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, Швейцариянын алдыңкы тажрыйбасын өздөштүрүүгө, Кыргызстандын авиация тармагынын институционалдык потенциалын чыңдоого жана улуттук жарандык авиация системасын эл аралык стандарттарга ылайык мындан ары өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.

Меморандумга кол коюу кыргыз-швейцариялык кызматташтыктын жаңы барагын ачып, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын туруктуу өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.