«Эркеч-Тамга» жасалма өткөрмө кагаздарын саткан эки аскер кызматкери кармалды
Аскер прокуратурасы тарабынан КРнын УКМКнын аскердик контрчалгындоо башкы башкармалыгы менен биргеликте «Эркеч-Там» чек ара аймагына кирүү үчүн жасалма өткөрмө кагаздарын даярдоо жана берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Тергөө учурунда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кызмат адамдары жарандарга 1 000 сомдон 4 000 сомго чейин акчалай сый акы алуу менен системалуу түрдө жасалма өткөрмө кагаздарын даярдап, берип келишкен.
Бул факты боюнча КРнын КЖКнын 209-беренеси «алдамчылык» жана 379-беренеси «документтерди жасалмалоо» боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө эки аскер кызматкери кармалып, гарнизондун гауптвахтасына киргизилди.
Учурда бул окуяга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
