Лейлектин 46 жаштагы тургуну  5,6 кг салмактагы уул төрөдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 ноябрь

Лейлектин 46 жаштагы тургуну 5,6 кг салмактагы уул төрөдү

Баткенде салмагы 5 килограмм 650 грамм болгон уул төрөлдү.

Кулундунун төрөт бөлүмүнүн кызматкерлери төрөт ийгиликтүү өтүп, эне менен наристенин абалы жакшы экенин билдиришти.

Ымыркайдын апасы Тахмина Бустонова 46 жашта. Ал Лейлек районунун Жаштык айылынын тургуну.

Тахмина Бустонова алтынчы наристесин жарык дүйнөгө алып келди. Жолдошу экөө 3 уул 3 кыздын ата-энеси болушту