ИИМ "Ала-Тоо Резорттун" конокторун коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат
Иллюстрациялык сүрөт
27 ноябрь

ИИМ "Ала-Тоо Резорттун" конокторун коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат

"Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик курортунун ачылышы алдында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды этият болууга, тоолуу жолдун өзгөчөлүктөрүн эске алууга, уюштурулган трансфер кызматынан пайдаланууга жана сапарларды уюштуруу боюнча сунуштарды алууда сак болууга чакырат.

ИИМден кабарлашкандай, жарандардын коопсуздугун жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга ички иштер органдарынын 3 миң кызматкери тартылат.

Эске сала кетсек, 2026-жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында “Ала-Тоо Резорт” жыл бою иштөөчү тоо кластеринин биринчи этабынын салтанаттуу ачылышы өтөт.

Салтанаттуу ачылыш күнүндө лыжа тебүү убактылуу жеткиликсиз болот.

Тоо лыжа трассалары конокторду 2-декабрдан тартып кабыл ала баштайт.

Белгилей кетсек, иш-чаранын башкы хедлайнери дүйнөгө таанымал америкалык аткаруучу Jason Derulo.

Ошондой эле коноктор үчүн эл аралык жана жергиликтүү артисттердин катышуусундагы масштабдуу концерттик программа тартууланат. Сахнада франциялык аткаруучу Willy William, түрк диджейи Berat Mert Demir, легендарлуу Morandi тобу, казакстандык ырчы Кайрат Нуртас, Ирина Кайратовна группасы, Бегиш, Jax, ошондой эле DJ King Macarella өнөрлөрүн тартуулашат.

Салтанаттуу ачылыш 1-декабрда саат 13:00дө башталат.

Коноктор үчүн кирүү акысыз.