Кыргызстандын калкынын саны 7,5 миллионго жакындады
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
27 ноябрь

Кыргызстандын калкынын саны 7,5 миллионго жакындады

2026-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 7 млн 499,4 миң адамды түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкөнүн калкы 95,1 миң адамга же 1,3%га көбөйдү.

Калктын абсолюттук өсүшү боюнча эң жогорку көрсөткүч Бишкек шаарында катталып, 23,9 миң адамды түздү.

Жалал-Абад облусунда калктын саны 17,2 миңге, Ош облусунда 16,6 миңге, Чүй облусунда 10,4 миң адамга көбөйдү.

Борбор калаанын калкынын саны 1 млн 382,5 миң адамга жетти.