Жыл башынан бери кой эти 173 сомго, уй эти 123 сомго кымбаттады
2026-жылдын октябрь айында Кыргызстанда кой этинин орточо керектөө баасы бир килограммына 880,56 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматы күбөлөндүрөт.
Ушул жылдын январь айында кой этинин бир килограммы орточо 707,64 сомдон сатылган. Ошентип, он ай ичинде анын баасы 172,92 сомго өскөн.
Ал эми уй этинин октябрь айындагы орточо баасы бир килограммына 836,39 сомду түздү. Январь айында анын баасы 713,74 сом болгон. Бул мезгил аралыгында уй эти 122,65 сомго кымбаттаган.
Баалардын өзгөчө өсүшү жай айларында байкалган. Июнь айында кой этинин орточо баасы 815,72 сом болсо, июлда 858,42 сомго, августта 874,08 сомго, сентябрда 876,07 сомго жеткен.
Уй этинин баасы да ушул мезгилде жогорулаган. Июнь айында 783,75 сомдон сатылса, августта 828,41 сомго, сентябрда 840,43 сомго чейин өскөн. Бирок октябрь айында анын баасы бир килограммына 4,04 сомго арзандаган.
Жалпысынан 2025-жылдын декабрь айына салыштырмалуу кой этинин баасы 24,4%га, уй этиники 18,3%га жогорулаган.
