Быйылкы кирешеңизди эмнеге жумшадыңыз?
Учурда той сезону кызуу жүрүп, тамадалардын иши да кызып турган кез. Коноктордун маанайын көтөрүп, эки тараптын көңүлүн таап, салтанатты шаңдуу өткөрүү оңой иш эмес. Артында даярдык, тажрыйба жана чоң жоопкерчилик турган бул өнөр менен тапкан киреше да адал экени турган кеп. Бул ирет элдин жакшылыгында кызмат кылып жүргөн тамадаларга суроо узаттык. Быйылкы кирешеси кандай керектөөлөргө жумшалганын, кандай максаттарына жеткенин тамадалар өздөрү айтып беришти.
Байыш Момунов: “Тоюмду өткөрүп, концерт бердим”
Мен өзү тээ 30 жыл илгери эле тамадалык ишимди баштаган экенмин. Ал учурда ачык асман алдында “Комсомолдук вечер” деген болчу эле. Көрсө, ошондо эле бүгүнкү болуп жаткан тойдун форматында алып барчу экемин. Быйыл өзүм 50 жашка толдум. Сахнада жүргөнүмө 30 жыл болуптур. Тамадалыктан тапкан кирешемди чыгармачылыгыма жумшап, “50 жаш жана 30 жыл сахнада” деген тоюмду өткөрүп концерт бердим.
Эрнис Бөрүбаев: “Тапканымды ак өргөмдүн бүтүшүнө коротуп жатам”
Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери тамадалык кесиптин арты менен үй-бүлөмдү багам. Менин беш балам бар. Ар бир балам жарык дүйнөгө келген сайын аталык милдетимди аткарып ак өргөлүү кылам деген максат койгон элем. Ошол максаттарымды жүзөгө ашыруунун аракети менен азыр үй куруу менен алекмин. Чоңураак баштап алган үйүмдү үч жылдан бери бүтө элекмин. Быйылкы тапкан кирешемди дагы ошол ак өргөнүн бүтүшүнө жумшап жаткан чагым.
Манас Алыкулов: “Быйылкы кирешемди айтсам көз тиет...”
Мен 6-классымдан баштап эле атам Жаныбек Алыкуловду ээрчип тойлор менен гастролдордо жүрдүм. Ал жактарга аппаратура коюп музыкант катары барсам, 8-класстан тарта кафелерде ырдап иштедим. “Жакшы бийлегендерге приз!” деп кыйкырып кээде ди-джей да боло калчумун. Ошентип, 9-классты аяктап жаткан учурда мен иштеген кафеде өтө турган чоң тойго тамада келбей калып, администратор эже “Манас, сен алып барасың” деди. Ошентип алгачкы алып барган тоюм ийгиликтүү болду. Администратор эже кийин кайнежем болуп калды, мен болсо ошол күндөн ушул күнгө чейин тамадалык кызматты аркалап келем. Эң көп деген 1000 киши катышкан тойду алып барыптырмын. Ал эми андан бери тапкан кирешеме Бишкектен жана Ысык-Көлдөн квартира алгам. Апама, аялыма өзүмө машина белек кылдым. Быйылкы жылдыкын айтпай эле коёюн, көз тийип кетпесин. Айтор, Кудайыма шүгүр, жакшылыктын жарчысы болуп жүрүп жаман болгон жокпуз.
Алтынбек Кыдыралиев: “Өзүмө жагып жүргөн унаа сатып алдым”
Үй-бүлөнүн сырттагы түйшүгү атанын мойнунда эмеспи. Адал эмгегим менен тапканымды балдарыма, жубайыма жумшайм. Быйылкы жылы эски унаамды сатып, үстүнө чогулткан тыйынымды кошуп өзүмө жаккан машина сатып алдым. Жакында келинчегимдин туулган күнү. Ошого эмнени айтса ошону алып берем деп акчамды камдап турган чагым. Өткөндө машина темасын козгогон эле, бир болсо машина алып берет окшойм. Учурда балдарымды ийримдерге, мектебине өзүм ташып, кечинде той алып барып, айтор, баарына өзүм үлгүрүп жүргөн чагым. Андан сырткары тойдон тапкан акчамды чыгармачылыкка, ыр жаздырууга короттум.
Эмил Балтагулов: “Жаңы телефон албай, эшигибиздин алдын оңдоп- түзөдүк”
2000-жылы 2-курста окуп жүргөнүмдө тамадалык ишти баштап, ошондон бери элибиздин жакшылыктарында эмгектенип келем. Жар-жар айтып, жандуу үн менен ырдап, музыкасын коюп, аспаптарда ойноп, айтор, кызматка үй-бүлөбүз менен чыгабыз. Манас шаарында салган үйүбүз жана үй-бүлөлүк унаабыз баары тойдун кирешесинен алынган десем болот. Быйыл жубайыма Айфон18 PRO MAX алып берейин десем, келинчегим “андан көрө үйүбүздүн алдын бурсчаткалап алалы” деген сунуш айтты. Ошентип эшигибиздин алдын оңдоп-түзөдүк. Андан сырткары үйүбүздүн ичиндеги эмеректерди жаңысына алмаштырдык.
Жеңишбек Айтиев:”Балдарым батирлебесин деп квартира алып бердим”
Тамада болуп эмгектенгениме 25 жылдын жүзү болуп, ошол аралыкта 50дөй шакиртти тарбияладым. Жакшылыктын кызматында жүрүп үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбай багып келем. Өзүмдүн төрт кыз, төрт уулум бар. Улуулары студент болуп борбордо окуп жатышат. “Балдарым батирлебесин” деп Бишкектен студенттериме квартира алып бердим.
Руслан Байдылдаев: “Тапканымдын баарын карызга төлөп келе жатам”
Элибиздин эрке баласы болоюн деп билек түрө тамадалык ишке киришкениме быйыл алты жылдын жүзү болду. Алгачкы бир жарым жыл жарытып деле тыйын тапкан жокмун. Анткени жалаң тааныш-билиштердин тоюнда тамадалардын тили менен айтканда “рахмат” тойлорду алып бардым. Акыркы төрт жарым жылда элдибиздин жакшылыгынан топтолгон тыйыныбызга мал-сал саткан акчабызды кошуп, ал да жетпегенде жакындардан карыз сурап батир алдык. Быйыл тамадалыктан тапкан акчамды буга жумшайм деп деле план койгон эмесмин. Анткени жыл башынан бери эле тапкан-тутканымдын баарын карызга төлөп келе жатам.
Алишер Анарбек уулу: “Тамадалык ишимдин арты менен үйлөндүм”
Мектепти жаңы аяктагандан кийин эле алып баруучулукка кызыгып жүрүп теле-радиодо иштеп калдым. Кийин ишимди тапшырып берген соң тойлорду алып бара баштадым. Ата-энеме жүк болбосун деп тамадалыктын артынан тапкан каражатыма үйлөндүм. Болгон чыгымымды өзүм көтөргөнгө аракет кылдым. Бүгүнкү күнү да үй-бүлөмдү тойдун арты менен багып келе жатам десем болот.
