ТИМде Африкадагы чет өлкөлүк мекемелердин ишмердүүлүгүнө арналган Коллегиянын жыйыны өттү
27 ноябрь

ТИМде Африкадагы чет өлкөлүк мекемелердин ишмердүүлүгүнө арналган Коллегиянын жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Африка континентиндеги жаңы чет өлкөлүк мекемелеринин ишмердүүлүгүнө арналган ТИМдин Коллегиясынын тематикалык жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын Африка өлкөлөрү менен мамилелерин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулап, Кыргыз Республикасынын Эфиопиядагы жана Мисирдеги элчилеринин баяндамаларын угушту. Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдүү Демократиялык Республикасындагы Элчилигинин ишмердүүлүгүнүн алгачкы жыйынтыктары чыгарылды.

Тышкы экономикалык чөйрөдөгү иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын бир катар чет мамлекеттердеги элчиликтери менен соода өкүлчүлүктөрүнүн өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын жыйынтыгында Коллегия тарабынан Кыргызстандын Эфиопиядагы жана Мисирдеги элчиликтеринин ишмердүүлүгүнүн мындан аркы милдеттери жана артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Африка континентинин өлкөлөрү менен орто мөөнөттүү мезгилге карата мамилелерин өнүктүрүү стратегиясынын долбоору, ошондой эле экономикалык дипломатия жаатындагы ишти өркүндөтүү маселелери каралды.