Бишкекте соттук-медициналык эксперттер үчүн зомбулукту жана кыйноолорду документтештирүү боюнча окутуу өткөрүлдү
С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту (КММКДжКЖИ) Бишкек шаарынан жана Кыргыз Республикасынын аймактарынан келген 26 соттук-медициналык экспертти аралаш окутуу системасы боюнча окутуудан өткөрдү. Бул система билим берүү онлайн-платформасында теориялык материалдарды өз алдынча үйрөнүүнү жана бетме-бет практикалык сабактарды айкалыштырат.
2026-жылдын 23–24-ноябрында Бишкек шаарында «Зомбулукту, кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазалоонун түрлөрүн медициналык документтештирүү эрежелерине ылайык соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү» аттуу кошумча медициналык билим берүү курсунун алкагында окутуунун бетме-бет этабы өткөрүлдү.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 562 токтомун ишке ашыруу максатында уюштурулду. Аталган токтом менен зомбулукту, кыйноолорду жана катаал мамилени медициналык документтештирүүнүн улуттук эрежелери бекитилген. Курстун максаты – соттук-медициналык эксперттердин кесиптик компетенцияларын жогорулатуу, медициналык кароону жүргүзүүдө, дене жаракаттарын документтештирүүдө жана негиздүү эксперттик корутундуларды даярдоодо бирдиктүү ыкмаларды практикалык жактан өздөштүрүү.
Курс КММКДжКЖИнин календардык-тематикалык планына киргизилген жана окутуунун аралыктан жана бетме-бет өтүүчү этаптарын камтыйт. 18–21-ноябрда катышуучулар билим берүү онлайн-платформасында теориялык материалдарды өз алдынча үйрөнүштү. Бетме-бет сабактар медициналык этика, соттук-медициналык экспертизаны жүргүзүүнүн шарттары жана методикасы, ошондой эле укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү маселелерине арналды.
Практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар окуу үчүн даярдалган учурларды талдап, дене жаракаттарын сүрөттөө жана фотосүрөткө тартуу, медициналык кароонун жыйынтыктарынын билдирилген жагдайларга шайкештик даражасын баалоо, ошондой эле № 003/4-у формасы боюнча соттук-медициналык эксперттин корутундусун тариздөө көндүмдөрүн өздөштүрүштү.
Курстун программасында билим берүү онлайн-платформасында жыйынтыктоочу тестирлөөдөн өтүү каралган. Окууну ийгиликтүү аяктаган катышуучулар 20 кредит-саат көрсөтүлгөн сертификаттарды алышат.
Медициналык документтештирүүнүн бирдиктүү стандарттарын колдонуу соттук-медициналык экспертизанын сапатын жогорулатууга, эксперттик корутундулардын толуктугун жана объективдүүлүгүн камсыз кылууга, зомбулук, кыйноо жана катаал мамиле учурларын натыйжалуу тергөө үчүн далилдик базаны түзүүгө өбөлгө түзөт.
Соттук-медициналык эксперттердин кесиптик компетенцияларын жогорулатуу – зомбулукка натыйжалуу каршы аракеттенүү, жабыркагандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, алардын укуктарын жана кадыр-баркын коргоо жолундагы маанилүү кадам.
Окутуунун бетме-бет этабы Улуу Британиянын Элчилигинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) колдоосу менен «ЦИДП Партнеры» коомдук фондунун долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
