Адылбек Касымалиевдин жетекчилигинде Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин жыйыны болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилигинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин 4-жыйыны болуп өттү.
Отурумдун күн тартибине – улуттук суу стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү, суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин жөнгө салуу сыяктуу негизги эки маселе киргизилип, тийиштүү кызмат адамдарынын баяндамалары угулду.
Биринчи маселеле боюнча – 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясынын айрым жоболорун жаңы Суу кодексине шайкеш келтирүү сунушталды. Анткени Стратегия кабыл алынган мезгилдеги укуктук жана институционалдык негиздер азыркы талаптардан айырмаланат. Максаты суу ресурстарын башкаруунун бирдиктүү, жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу системасын калыптандыруу.
Күн тартибиндеги экинчи маселе – суу ресурстарына мониторинг жүргүзүүнү өркүндөтүү. Бул суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу үчүн өлкөдө канча суу бар экенин, анын канчасы пайдаланылып, канчасы жоготууга учурап жатканын, суунун сапаты жана көлөмү кандай өзгөрүп жатканын так билүү максатын көздөйт. Ага байланыштуу, Министрлер Кабинетинин “Суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин жөнгө салуу жөнүндө” токтомунун долбоорун даярдоо сунушталды.
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев суу ресурстары – өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуучу стратегиялык байлык экенин айтып, суу чарба тармагын өнүктүрүүгө мамлекеттик инвестициялардын көлөмү бир топ көбөйтүлгөнүн билдирди.
Суу жана жер ресурстарын башкаруу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана стратегиялык сунуштарды иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөн.
Жыйындын соңунда МинКаб Төрагасы ар бир аткарылган иш өз натыйжасын берүүгө тийиштигин, ал натыйжа жаңы өздөштүрүлгөн сугат жерлеринин аянты, суунун жоготууларынын азайышы, айыл чарба өндүрүшүнүн өсүшү жана дыйкандардын кирешесинин жогорулашы менен өлчөнүшү зарылдыгын белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди.
