Кыргызстандыктар үчүн 2027-жылдагы ажылык сапардын баасы белгилүү болду
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 ноябрь

Кыргызстандыктар үчүн 2027-жылдагы ажылык сапардын баасы белгилүү болду

2027-жылдагы ажылык сапардын баасы 5800 доллар болгондугун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлады.

Муфтияттан эмне үчүн ажылыктын баасы жогору экендигин түшүндүрүштү. 

Маалыматта айтылгандай, буга чейин Меккедеги вакф мекемелери ажыларга мейманканаларды акысыз бөлүп берип келишкен.

"Бирок быйыл ал мейманканаларга жайгашуу мүмкүнчүлүгү болбой калды. Себеби, ал мейманканалар Меккенин ар кайсы жеринде жайгашкан. Тактап айтканда, 14 имарат төрт-беш ар башка аймакка бөлүнүп кеткен. Ар бир имаратка 200дөн 500гө чейин адам гана жайгашкан. Мындай шартта ажыларыбыздын баарын бирдей тейлөө, аларга кызмат кылуу, зарыл абалда жардам берүү жана уюштуруу иштерин жүргүзүү бир топ кыйын болуп келген. Мындан тышкары, ал мейманканалардын шарттары да талапка толук жооп берген эмес. Айрым документ иштерин бүтүрүүдө да кыйынчылыктар кездешкен", - деп айтылат маалыматта.

Муфтияттан быйыл ажыларды акы төлөнүүчү мейманканаларга жайгаштыруу чечими кабыл алынгандыгын билдиришти.

"Мунун жакшы жагы, бардык ажыларыбыз бир аймакта, бири-бирине жакын жайгашат. Бул ажыларыбыз үчүн да ыңгайлуу болот. Анткени аларга кызмат кылуу, жардам берүү, тейлөө жана уюштуруу иштерин жүргүзүү жеңилдейт. Демек, быйыл ажылыктын баасынын жогорулашына негизги себептердин бири – акысыз берилген мейманканалардын ордуна акы төлөнүүчү мейманканаларга жайгашуу болду", - деп түшүндүрүштү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан.