Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары 50 метр аралыкты сактоого милдеттендирилиши мүмкүн
Иллюстрациялык сүрөт
27 ноябрь

Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары 50 метр аралыкты сактоого милдеттендирилиши мүмкүн

3,5 тоннадан ашык уруксат берилген максималдуу салмактагы жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына калктуу конуштардан тышкары саатына 50 чакырымдан ашык ылдамдыкта жүргөндө алдыдагы унаа менен кеминде 50 метр аралыкты сактоо милдетин киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында айтылат.

Талапты бузгандыгы үчүн төмөнкүдөй айып пулдарды белгилөө сунушталууда:

  • 50 метр аралыкты сактабаган учурда – 1 миң сом;
  • 25 метр аралыкты сактабаган учурда – 3 миң сом.

Эгерде башка унаа жүк ташуучу унаанын алдына катарга кошулса, жүк ташуучу унаанын айдоочусуна белгиленген аралыкты калыбына келтирүү үчүн 10 секунд убакыт берилет.

Бул талап озуп өтүүдө, башка катарга кошулууда, унаалардын кыймылы өтө тыгыз болгон учурда жана уюшкан транспорттук колоннада жүргөндө колдонулбайт.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун белгилешинче, бир нече оор жүк ташуучу унаанын бири-бирине жакын аралыкта катар жүрүшү башка айдоочуларды бир нече жүк ташуучу унааны бир убакта озуп өтүүгө мажбурлайт. Бул каршы тилкеде жүрүү убактысын узартып, бетме-бет кагылышуу коркунучун жогорулатат.

2025-жылы Кыргызстанда 8 миң 456 жол кырсыгы катталып, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 19,1%га өскөн. Кырсыктардын кесепетинен 900 адам каза болуп, 12 миңден ашуун адам жаракат алган. Ал эми 2026-жылдын биринчи кварталында 1 миң 150 жол кырсыгы катталган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, жол кырсыктарынын 90%ында күнөөлүү тарап катары айдоочулар аныкталат. Кырсыктардын негизги себептеринин бири – коопсуз аралыкты сактабоо.

Өзгөчө Ош – Эркечтам – Сары-Таш унаа жолундагы кырдаал тынчсыздандырууда. 2025-жылдын октябрь айынын аягында бул жолдо оор жүк ташуучу унаалар катышкан эки ири жол кырсыгынан 10 адам каза болгон. Ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда жүк ташуучу унаалардын катышуусунда бир катар кырсыктар катталган.