Жумгал районунда 4,7 кг баңгизат табылып, кылмыш иши козголду
27 ноябрь

Жумгал районунда 4,7 кг баңгизат табылып, кылмыш иши козголду

Нарын облусунун Жумгал районунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө 4 килограмм 700 грамм баңгизатка окшош зат табылды.

2026-жылдын 18-ноябрында саат 19:20 чамасында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Жумгал районунун Сары-Булуң айылындагы Балыкчы–Казарман автожолунун 207-чакырымында текшерүү жүргүзүшкөн.

Анда күмүш түстөгү «К5» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, салонуна жана чатырындагы жүк салынуучу боксуна кароо жүргүзүлгөн. Анын ичинен кара түстөгү капка салынган, өзгөчө жыты бар сары түстөгү өсүмдүк заты табылып, тиешелүү тартипте алынган.

Аталган автоунаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү текшерүүгө алынып, медициналык кароонун жыйынтыгында айдоочу М.А. жана жүргүнчү Н.А. баңгизат колдонгондугу аныкталган.

Алынган заттын жалпы салмагы 4 килограмм 700 граммды түзгөн.

Аталган факты боюнча 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн жашаган үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, С.Б.үйүнөн 93 грамм өзгөчө жыты бар зат, ал эми Н.А. үйүнөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылып алынган.

Табылган заттарга соттук-химиялык, ал эми куралга соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, корутундулары күтүлүүдө.

21-ноябрда 1975-жылы туулган С.Б. кылмыш ишинин алкагында кармалып, 23-ноябрда Жумгал райондук сотунун чечими менен эки айлык мөөнөткө камакка алынып, Нарын шаарындагы №24 тергөө абагына киргизилген.

Учурда М.А, менен Н.А. аталган кылмышка тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.