Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 ноябрь

Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

2026-жылдын 27-ноябрында Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болгондугуна байланыштуу жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Чектөө Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда саат 11:15тен тартып күчүнө кирди. Мындай чечим жол кырсыктарынын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарына жол бербөө максатында кабыл алынды.

ӨКМ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана аба ырайынын шарттарын эске алууга чакырат.