Бишкекте «жашыруун операция» деген шылтоо менен 3,8 млн сомдон ашык акча алган шектүүлөр кармалды
Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматы
27 ноябрь

Бишкекте «жашыруун операция» деген шылтоо менен 3,8 млн сомдон ашык акча алган шектүүлөр кармалды

Бишкекте 3,8 миллион сомдон ашык суммадагы алдамчылыкка шектүүлөр кармалды, деп кабарлайт шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Милициянын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына А.С.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Арызда көрсөтүлгөндөй, 2025-жылдын 25-июнунда белгисиз адамдар WhatsApp аркылуу өздөрүн Саламаттык сактоо министрлигинин, УКМКнын жана тергөө органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, алдоо жана ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен анын акча каражаттарын ээлеп алышкан.

Шектүүлөр «жашыруун операция» жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, жабырлануучуну 238 970 сом өлчөмүндө насыя алууга, акчаны накталай чыгарып, банкомат аркылуу өздөрү көрсөткөн реквизиттерге которууга, ошондой эле өзүнө таандык турак жайды төмөн баада сатууга көндүрүшкөн.

Натыйжада, келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 3 млн 810 миң 470 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шектүүлөр — 2006-жылы туулган М.Б.Б. жана 2003-жылы туулган Р.Б.К. аныкталып, кармалды.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, кармалгандар Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.