Баткен районунда заманбап муниципалдык соода борбору курулууда 
видеодон алынган кадр
27 ноябрь

Баткен районунда заманбап муниципалдык соода борбору курулууда 

Баткен районунун Самаркандек айылында заманбап муниципалдык соода борборунун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдук каражаттын алкагында 40 млн сом каржыланып курулду.

Долбоордун негизги максаты – айыл жергесинде соода-сатык жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү, жергиликтүү ишкерлерди колдоо, калкты сапаттуу тейлөө жана жаңы жумуш орундарын түзүү.

Ошондой эле заманбап соода борборунун ишке берилиши айылдын инфраструктурасын жакшыртууга, жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө жана калктын турмуш шартын жакшыртууга өбөлгө түзөт.