Ош шаарында медиациянын мүмкүнчүлүктөрү жана мааниси түшүндүрүлдү
Ош шаарынын мэриясында медиация боюнча окутуу өткөрүлдү, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Кыргыз Республикасынын медиаторлор палатасынын мүчөсү, Ош шаарындагы медиация борборунун директору, конфликтолог Авазбек Шамшиев, Оштогу юстиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Зуура Аширалиева, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышышты.
Окутуунун жүрүшүндө медиациянын максаты, укуктук негиздери жана чыр-чатактарды сотко жеткирбестен, өз ара макулдашуу аркылуу тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле медиаторлордун (данакерлердин) ишмердүүлүгү, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү жана калк арасында медиация тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.
Катышуучулар пикир алышып, сунуштарын билдиришти. Медиацияны жергиликтүү деңгээлде жайылтуу жана жарандарга анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат жеткирүү зарылдыгы белгиленди.
Медиация – коомдогу ынтымакты сактоого, пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө багытталган маанилүү механизм.
