Айып пул тапшырылбай калган бир отчет үчүнбү же ар бири үчүн өзүнчөбү?
Бир нече отчетту тапшырбай калдыңызбы? Маанилүү жагдай: ар бир тапшырылбаган отчет үчүн айып пул өзүнчө эсептелиши мүмкүн.
Салык кодексине ылайык, отчетту белгиленген мөөнөттө тапшырбаган ар бир өзүнчө факты үчүн салыктык санкция колдонулат.
Жеке ишкерлер үчүн айып пулдун өлчөмү — 3 000 сом, юридикалык жактар, мисалы, ЖЧКлар үчүн — 7 000 сом. Эгерде салык карызы да болсо, ар бир кечиктирилген күн үчүн карыздын суммасынан 0,09 пайыз өлчөмүндө туум эсептелет.
Салыктык милдеттенмелериңизди жеке кабинетиңизден текшерип, отчетторду белгиленген мөөнөттө өз убагында тапшырыңыз.
Отчетту өз убагында тапшыруу кошумча чыгымдардан сактайт.
