Ашууларда кап жаап жатат, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдө
видеодон алынган кадр
27 ноябрь

Ашууларда кап жаап жатат, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдө

Бүгүн, 27-ноябрда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарындагы автомобиль жолдорунда кар тазалоо жана тайгакка каршы иштер жүргүзүлүүдө. 

Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Учурда №9 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жолду кардан тазалоо жана тайгакка каршы кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолунун Өтмөк ашуусунда да кар жаап жатат. Жеринде №36 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан кум-туз аралашмасын чачуу иштери ыкчам аткарылууда.

Ал эми Бишкек – Нарын – Торугарт автомобиль жолунун Долон ашуусунда аба ырайы ачык, жол таза.

Учурда аталган үч ашууда тең унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда. Кышкы даярдыктын алкагында жол тейлөө иштерине атайын техникалар тартылып, нөөмөт уюштурулган. Жолдогу кырдаал туруктуу көзөмөлдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды аба ырайын эске алууга, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты азайтууга жана убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.