Үлпөт тойдо жашы жете элек баланы тепкен өспүрүм аныкталып, жоопкерчиликке тартылды
видеодон алынган кадр
28 ноябрь

Үлпөт тойдо жашы жете элек баланы тепкен өспүрүм аныкталып, жоопкерчиликке тартылды

Той учурунда ырдап жаткан жигиттин жанына келген кичинекей баланы тээп жибергени социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, бул факты 2026-жылдын 25-ноябрында Сокулук РИИБде катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө окуянын бардык жагдайлары такталып, жабыркаган жашы жете элек бала, анын ата-энеси жана баланы тепкен жаран аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен баланы тепкен 17 жаштагы Н.Н. аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, материалдар райондук сотко жөнөтүлгөн.

Райондук соттун чечими менен өспүрүмгө айып пул салынды.